Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, акыркы суткада өлкө аймагында 5 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 5 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын 24-ноябрда берген маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 2, Ош облусунда 1, Талас облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Кара-Суу районундагы үйлөрдүн биринде 21 чарчы метр бөлмөнүн жыгач шыбы, 1 даана сыналгы, 2 эшик, 3 терезе, 16 төшөк күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуусуна үй ээсинин этиятсыздыгы себеп болгон.
Ошондой эле Манас районуна караштуу Кеңеш айылындагы Исак Отунбаев атындагы орто мектептин от казанынын 16 чарчы метр жыгач полу жана эшиги күйүп кеткен. Учурда өрттүн келип чыгуусунун себеби такталууда.