Ооганстанда волейбол турнириндеги жан кечтинин чабуулунан 45 адам набыт болду

Ооганстандын чыгышында жайгашкан Пактика провинциясында кечээ, 23-ноябрда волейбол турнири жүрүп жаткан учурда жан кечтинин чабуулунан оюндун катышуучулары набыт болушту. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, жан кечти эл көп чогулган стадионго көрүүчү катары кирип, коюнундагы жардыруучу затты жардырып жиберген. Анын кесепетинен 45 адам каза таап, 60 адам ар түрдүү жаракаттарды алды. Азырынча жардыруу боюнча жоопкерчиликти эч ким моюнуна ала электиги айтылууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан