Сузакта мектеп окуучусунун өлүмү иликтенип жатат. Бул тууралуу Сузак райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Нурбек Жаныбеков бүгүн, 24-ноябрда билдирди.
Анын айтымында, каза тапкан мектеп окуучусунун апасы милицияга 18-ноябрда кайрылган. Анда ал үстүбүздөгү жылдын 26-октябрында мектеп окуучуларынын арасында массалык мушташ болгонун, 9-класста окуган баласын жогорку класстын окуучулары сабап салышканын айткан.
“Каза тапкан баланын апасы милицияга окуя болгон күнү эмес, баласы ооруканага жатканда кайрылган. Кийин мектеп окуучусу ооруканада каза болду. Жабырлануучунун арызынын негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү катары 3 окуучу кармалды. Учурда экспертизалар дайындалып, иликтөө жүрүп жатат. Ошондой эле маркум 9-ноябрь күнү аттан жыгылып, буту сынган. Окуучунун эмнеден улам каза тапканы азырынча белгисиз”,- дейт Нурбек Жаныбеков.