Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук «Эмир» спорттук клубунда өспүрүмдөр арасында грек-рим күрөшү боюнча республикалык мелдеш өттү. Анда 11 салмактык категория боюнча 252 спортчу күч сынашты.
Турнирге республиканын ар облусунан келген 12 команда катышты. Бул тууралуу Ала-Бука районунун жашоочусу Батырбек Балтабаев маалымдады.
Мелдеш окуучуларга мекенчилдик тарбия берүү, жаш спорт сүйүүчүлөрдү колдоо, алардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу максатында өткөрүлдү.
“Иш-чаранын өспүрүмдөр арасында ынтымакты бекемдөөдө мааниси жогору экени катышуучулар жана алардын машыктыруучулары тарабынан белгиленди”,- дейт Балтабаев. Алар спорттук мелдештин жеңүүчүлөрүн сыйлоого каржы жагынан колдоо көрсөткөн Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматовго ыраазычылык билдиришти.