Таиланддын Пхукет шаарында 12-23-ноябрь аралыгында өткөн кумда ойнолуучу Азия оюндарында Кыргызстан курамасы 6 медаль алды. Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, анда 12 кыргызстандык спортчу мелдешке катышып, самбо, кум үстүндөгү күрөш, айкалышкан 5 спорт түрү жана тай бокс боюнча күчтөрүн сынашты. Жыйынтыгында алар 3 күмүш (самбо, күрөш, тай бокс спортторунан), 3 коло медаль (айкалышкан 5 спорт түрү жана тай бокс) тагынышты.
Артур Те (самбодон, 68 килограмм салмакта), Бекболсун Кушубаков (күрөш, 80 килограммдан жогорку салмакта), Мирбек Сарткалмаков (тай бокс, 60 килограмм салмакта) күмүш медалдарды алып келишсе, колону Валерия Уварова (айкалышкан 5 спорт түрү), Бекжан Матысоев (тай бокс, 67 килограмм салмакта) жана Мирбек Качкынбаев (тай бокс, 71 килограмм салмакта) багындырышты.