Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы "33 жаштагы айымды алдап, Түркияга сексуалдык кулчулукка саткан" деп шектелген аял кармалганын 24-ноябрда кабарлады.
Маалыматка караганда, укук коргоо органдарына 22-ноябрь күнү Кара-Суу районунун 33 жаштагы Гүлнара аттуу тургуну кайрылган. Ал Айнура деп өзүн тааныштырган аял жабырлануучунун оор социалдык абалынан пайдаланып Түркиядан жумуш таап берүүнү убадалаганын айткан. Официантка же улгайган адамдарга кам көрүүчүнүн ишин таап берем деп Түркиянын жаранына 5 миң долларга сатып жиберген.
Жабырлануучу ал жакта 3 ай ичинде сексуалдык кулчулукта жашап, ал жерден качып чыгып, Кыргызстанга келген. Кылмышка шектүү катары Ош шаарынын 41 жаштагы тургуну Айнура Мамытова кармалды. Азыркы тапта шектүүгө карата кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга жеткирилди.