Ош. "Үйүнө конокко келе бергени үчүн 87 жаштагы аялды мыкаачылык менен өлтүрдү" деген шек менен 9-класстын окуучусу кармалды

Ош шаарында "87 жаштагы аялды мыкаачылык менен өлтүрдү" деген шек менен маркумдун 15 жаштагы кошунасы кармалып, убактылуу кармоочу жайга жеткирилди. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, укук коргоо органдарына 21-ноябрь күнү Атабаев көчөсүндөгү №3-а үйүнүн жашоочулары кайрылышкан. Алар 1927-жылы туулган Нина Бучельникова 10 күндөн бери үйүндө жоктугун жана батиринен жагымсыз жыт чыгып жатканын билдиришкен.

Н.Бучельникованын үйү текшерүүгө алынганда анын жансыз денеси өзүнүн уктоочу бөлмөсүндө керебетке байланган абалда табылган. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында аялдын 10 кабыргасынын сынганы, бүт денесинен тактар жана муунтуунун белгилери аныкталган.

22-ноябрда кылмышка шектүү катары шаардагы мектептердин биринин 9-классынын окуучусу колго түшүрүлдү. Шектүү кылмышын мойнуна алып, маркум менен мамилеси начар болгонун айткан. Улгайган аял күн сайын шектүүнүн үйүнө коноктоп киргени жакпагандыктан өлтүргөнүн кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
bekos2012
2014-11-24 14:55:08
Тобоо кылдым...
"Бузулган адам онолооор бир кун,
Бузулуп турган замандан сакта..."
+3
Milana.
2014-11-24 15:22:07
Ар бирибиздин ыйманыбызды бекем кыла кор
+1
Faina
2014-11-24 17:11:31
Заман эмне болуп баратат
0
nargiz_96
2014-11-24 17:36:42
Faina, заман десек алдынкы чыккан кун чыккан жактан азыр эле чыгып жатат заман эмес балкым адам пейли бузулгандыр
+2
кыргыз Алик
2014-11-24 17:15:54
Карыганда жаш балдардыкына коноко барбагыла кыздар,кесепети ушул болот.:-\ Тем более жек коруп калса мыкаачыга айланып калат.ААААВ как страшно!!!
-2
M89
2014-11-24 17:57:00
Бул баланын ден солугу соо эмес го. Жон бала антип кордоп олтурбойт го. Итти да тээп, ургандан жалтанам. Бул акмак баланын уйуно ажал издеп барып жургон экен да ээ.
+4
maksnarin
2014-11-24 20:19:09
Шумдугун кур!орто муун бизден да кетип атат го балдарыбызга тарбия бере албай.
+2
elli_88
2014-11-24 21:40:21
жон келип кетпей ар кайсыны айтып тыйып же ата энесине ар кайсыны айтып уруштуруп кыжырына тийчу болуш керек деп ойлойм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан