Кечээ, 23-ноябрда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда волейбол боюнча Сүймөнкул Чокморовдун жаркын элесине арналган республикалык мелдеш аяктады. Бул тууралуу КРнын Волейбол федерациясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мелдештин жыйынтыктоочу күнүндө жеңиш үчүн “Салам-Алик”, “Динамо МВД”, “Ош бажы” жана “Жаш-Күч” командаларынын мүмкүнчүлүгү бар эле. Алар өз ара ойноп, жеңүүчүнү аныкташты. Бул күнү атаандашын 3:0 эсебинде утуп алган “Ош бажы” командасы 1-орунду камсыздаса, 2-орунду “Динамо МВД” командасы багынтты. 3-орунду атаандашына минималдуу эсепте утулган “Салам-Алик” командасы ээледи.
23-ноябрда катталган жыйынтыктар:
“Салам-Алик” – “Динамо МВД” - 2:3
“Ош бажы” – “Жаш-Күч” - 3:0