Жыл башынан бери 555 мал уурдоо фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 24-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, жыл башынан бери республика аймагында 770 мал уурдоо фактысы катталган. Күч органдары тарабынан 555 кылмыштын бети ачылган. Айтсак, мал уурулук боюнча 101 кылмыштуу топ кармалган. Алардын 226 мал уурулук фактысына тиешеси бар экени аныкталган. Ошондой эле жалпы 2221 баш мал уурдалып, анын ичинен 1248 баш мал ээлерине кайтарылып берилген.