“Бишкекте банкты карактаган” деп шектелгендердин экинчиси кармала элек

“Бишкектеги банктардын бирин карактаган” деп шектелгендердин экинчиси кармала элек. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, учурда анын жүргөн жери аныкталып, аны издөө иштери жүрүүдө. Ал эми ошол учурда кылмышка шектүү катары кармалган жарандын 27 жаштагы Баткен облусунун Заирбек Сүйүнов аттуу тургуну экендиги аныкталган. Анын жанынан травматикалык тапанча, пломбаланган банк мүшөгү, медициналык маска, курулуш мээлейи алынган.

Айта кетсек, окуя кечээ, 23-ноябрь күнү эртең менен болгон. Анда эки белгисиз куралчан жаран Л.Толстой көчөсүндө жайгашкан “ЭкоИсламикБанктын” филиалына киришип, коопсуздук кызматкерин жана 2 кассирди сабап, кассадагы акчаны алып кетишкен. Алар качып бара жатканда ошол жактагы аймактык милиция кызматкери байкап калып, артынан түшкөн. Кийин ага коопсуздук кызматкери да кошулуп, экөө кылмышка шектүүлөрдүн бирин кармашкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
beka88
2014-11-24 18:19:00
грабиешька
0
OTYPBARATYPELEEE
2014-11-24 18:48:24
Банкты кайтарган СБлардын ХХХ болуп жатат. Шалбырап, келжиреп эле талпайып олтура бербей ар кандай кырдаалга даяр болуш керек. Каракчылар кирип келээри менен ХХХХ ХХХХ ХХХХ. Оздору катылган какмарларды как келдесине ХХХХ ХХХХ ХХХХ...
0
admin_superstan
2014-11-24 18:55:40
OTYPBARATYPELEEE, этика нормаларын сактоону сунуштайм.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан