Сокулук районунда тоноо фактысына шектүү катары 16 жаштагы өспүрүм кармалды

Сокулук районунда тоноо фактысына шектүү катары 16 жаштагы өспүрүм кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, күч органдарына 1985-жылы туулган айым кайрылган. Анда ал 21-ноябрь күнү саат 21:30 чамасында Сокулук айылында белгисиз адам аркасынан келип жип менен муунтуп, тоноого аракет кылганын айткан. Кийин кыйкырып жардам сураганда, кылмышкер коркуп качып кеткен. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 1998-жылы туулган жергиликтүү тургун кармалган. Учурда кылмышка шектүү жашы жете элек өспүрүм болгондуктан, үй камагына чыгарылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан