Барган сайын өлкөдө аялдар менен эркектердин тукумсуздук белгилери көбөйүп жатат. Бул тууралуу кечээ, 24-ноябрда Ош мамлекеттик университетинде “Жарандардын тукум улоо укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө” мыйзамдын жаңы редакциясы боюнча коомдук угууда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Дамира Ниязалиева билдирди.
Анын айтымында, жыныстык оорулар, тукумсуздук аялдарга эле эмес, эркектерге да таандык нерсе.
“Аялдар жакшыбы-жаманбы, врачтарга барып дарыланышат. Ал эми эркектер дарыгерге кайрылганды жаман көрүшөт”,- дейт Ниязалиева.
Ошондой эле депутат барган сайын өлкөдө аялдар менен эркектердин тукумсуздук белгилери көбөйүп жатканын белгиледи. "Төрөт курагындагы аялдардын 15 пайызы баласыз калат. Алар бала асырап алышса болот. Бирок көбүнчө аялдар айыпталып, үй-бүлөлөр бузулуп, ажырашканга чейин барышат. Ошондуктан үй-бүлөнү сактап калыш үчүн "карын эне" ыкмасын айласыздан колдонууга мажбур болууда. Буга ар бир үй-бүлөнүн укугу бар.
"Карын энелик" келишим түзүлүп жаткан учурга карата 40 жашка чейинки курактагы (иштеп жаткан мыйзамда 35 жашка чейин), жок дегенде бир бала төрөгөн аял гана "карын эне" боло алат (18-берене). Коомдук угуулардын жүрүшүнүн учурунда "карын энелик" ыкма коммерцияга жол ачып, бизнеске айланып кетет дегендей ойду айтышты. Биз алдыга карашыбыз керек. "Карын энелик" - тукумсуз калып жаткан үй-бүлөнүн акыркы айласы”,- дейт депутат.