Мароккодо нөшөрлөп жааган жаандан улам суу ташып, кеминде 32 адам мерт болду. Бул маалыматты аталган өлкөнүн ички иштер министри тастыктаган. Алгач 17 адам каза тапканы айтылган, бирок кечээ Гульмин аймагындагы дарыянын жээгинен дагы 11 адамдын жансыз денеси табылган, ошондой эле ар кайсы райондордон каза тапкан адамдардын денелери табылууда. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
"Мындай табигый кырсык 1986-жылдан бери каттала элек. Ум жана Ашад дарыяларындагы суунун деңгээли мынчалыкка көтөрүлгөндүгү байкалган эмес. Жергиликтүү калк дүрбөлөңгө түшүүдө",- деп чет элдик басылмалардын бирине жергиликтүү тургун билдирген.
Куткаруу иштеринин натыйжасында 214 адам куткарылган. Ошондой эле учурда дайынсыз жоголгондорду издөө иштери жүрүүдө. "Бул кырсыктан улам ондогон адамдар дайынсыз жоголуп кетиши мүмкүн" деп кошумчалаган ал тургун.
Маалым болгондой, жергиликтүү маалымат каражаттары кыян машиналарды агызып, үйлөрдү жууп кетип жатканын жазууда.