СССРдин хоккей боюнча курама командасын жетектеп, 8 ирет Дүйнө чемпиондугун, 3 жолу Олимпиада оюндарын жеңип алган машыктыруучу Виктор Тихонов 85 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Маалым болгондой, ал акыркы айларда катуу ооруп, төшөктөн турбай калган. Анын Москвадагы ооруканалардын биринде дүйшөмбүгө караган түнү көз жумганын ЦСКА хоккей клубунун башкы директору Игорь Есмантович тастыктады.
Жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыккандай, Виктор Тихонов менен коштошуу аземи качан, кайсы жерде болору азырынча белгисиз.
Эске салсак, В.Тихоновдун хоккейге кошкон салымы зор. Ал СССР кулагандан кийин 2004-жылга чейин Орусиянын хоккей курамасын машыктырып келген. Орусиянын өлкө башчысы Владимир Путин маркумдун жакындарына көңүл айтты.