Туугандарына таарынып Нарын дарыясына секирген жигит куткаруучулар тарабынан куткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Нарын районундагы Калинин айылынын 24 жаштагы К. у. А. аттуу тургуну сууга секирип кеткен. Кабатырланган туугандары куткаруучуларга жардам сурап кайрылышкан. Окуя болгон жерге келген куткаруучулар аны дарыядан чыгарып, аман сактап калышты. Денеси муздак суудан үшүк алып, "Тез жардам" кызматы менен шаардык ооруканага жеткирилди.