Спорт агенттигинде эми Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунун директору Алмаз Касенов кызматтан алынды

Кечээ, 24-ноябрда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунун директору Алмаз Касенов кызматтан алынды. Бул тууралуу А.Касенов бүгүн, 25-ноябрда SUPER.KG порталына билдирди. 

Анын айтымында, анын кызматтан алынуусу 2014-жылдын алгачкы 9 айынын жыйынтыгын караган соң гана чечилиши керек болчу. Бирок жакында боло турган бул отурумга жетпей эле ал кызматтан алынып калганын айтты. "Мен жазында 2 жылдык келишим түзгөм. Агенттик тарабынан "ишиңерди так аткарган жоксуңар" деген сыяктуу айып тагуулар болуп, келишимди мөөнөтүнөн мурда бузганга туура келди",- деди ал. 

Кошумчалай кетсек, акыркы 1 апта ичинде аталган агенттикте экинчи ирет кызматтан алуу болду. 19-ноябрда Олимпиадага даярдоо борборунун директору Назирдин Акылбеков кызматтан алынган эле. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан