Москва-Бишкек каттамында аткезчилик жол менен ташылып бараткан дары каражаттары кармалды

"Северная" темир жол бажы кызматкерлери тарабынан аткезчилик жол менен ташылып бараткан дары каражаттары кармалды. Мамлекеттик бажы кызматынан маалымдашкандай, 20-октябрь күнү Кайыңды станциясында эл аралык Москва-Бишкек каттамы менен бара жаткан №8-рейстеги поезд бажылык текшерүүгө алынган. Анын натыйжасында №6-вагондун купесиндеги орундуктун алдынан товарлар жана дары каражаттары салынган чарбалык чоң баштык табылган.

Аны текшерүүдө баштыктан Германиядан, Орусия, Нидерланды, Италия, Франция, Германия, Израиль, Швейцария жана Украинада жасалган 20 аталыштагы медициналык каражаттар табылган. Бул иш боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси (аткезчилик) боюнча кылмыш иши козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан