Каракол шаарында баңгизат колдонуучулардын көмүскө жайы табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 25-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, көмүскө жайды 22 жаштагы Каракол шаарынын тургуну уюштурган. Анын үйүн текшерүү учурунда баңгизаттар табылып, аны колдонуучулар кармалган. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.