Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, акыркы суткада өлкө аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 8 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын 25-ноябрда берген маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 2, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Базар-Коргон районундагы райондук администрациясына караштуу “Айыл курулуш” ААКнын имаратынын бухгалтерия бөлмөсүнөн 3 стол жана иш кагаздары күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын пайдаланууда эреженин бузулушу себеп болгон.
Ошондой эле Кызыл-Кыя шаарындагы Караван айылындагы үйлөрдүн биринде өрт кырсыгы катталган. Анын кесепетинен үйдүн эки бөлмөсүнүн жалпы аянты 32 чарчы метр жыгач шыбы, жыгач полу, үй эмеректери жана төшөнчүлөр күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын пайдаланууда эреженин бузулушу себеп болгон.