Чүй районунда карактоо фактысына шектелип күйөөсү менен аялы кармалды

Чүй районунда “насыя берүүчү ишканалардын биринин кеңсесине бет капчан кирип тоногон” деп шектелип күйөөсү менен аялы кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда Чүй ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, октябрь айынын соңунда каржылык-насыялык мекеменин кеңсесине бет капчан белгисиз эки жаран кирип, бычак менен коркутуп, сейфтен 3 миң сом жана уюлдук аппараттарды карактап кетишкен. Бул иш боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесине (каракчылык) ылайык кылмыш иши козголгон. 

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында бул кылмышка шектүүлөр кармалган. Алар Аламүдүн районунун 31 жаштагы Б.Батырбек жана анын 35 жаштагы жубайы М.Эльвира аттуу тургундары болуп чыккан. Учурда кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылып, тергөө амалдары жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан