"Базар-Коргондо эки жаранды бычактаган" деп шектелип 17 жаштагы өспүрүм кармалды

"Базар-Коргондо эки жаранды бычактаган" деп шектелип 17 жаштагы өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 25-ноябрда билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 23-ноябрда болгон. Анда 1997-жылы Базар-Коргон айылында А.Шохрукбек менен 1995-жылы туулган Х.Бегзот, 1998-жылы туулган М.Мухридиндин ортосунда уруш чыккан. Анын кесепетинен Шохрукбек колундагы бычак менен Бегзотту жана Мухридинди сайып салган. Натыйжада жабырлануучулар ооруканага жеткирилишкен. Ал эми кылмышка шектүү катары Шохрукбек кармалган. Учурда ал камалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bekos2012
2014-11-25 11:07:17
Жалан Озбектер окшойт...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан