Талас. Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары кызматтык жасалмачылык боюнча шектелүүдө

Талас облусундагы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары кызматтык жасалмачылык боюнча шектелүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 25-ноябрда билдирди.

Маалыматка караганда, аталган айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары жергиликтүү тургунга жайыт тилкесин 5 жылга убактылуу колдонуу боюнча токтом чыгарышкан. Бирок ошол эле күнү, ошол эле номур менен жасалма токтом чыгарышып, жайытты 49 жылга убактылуу колдонууга беришкен. Муну райондун каттоо кызматы журналга каттабастан, 5 жылды 49 жыл деп оңдоп, ошол эле айыл тургунуна жалган күбөлүк беришкен. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан