Жабырлануучу: “Кызымды унаасы менен сүзүп кеткен айдоочу кыз дале эркиндикте жүрөт”

"Кызымды унаасы менен сүзүп кеткен 26 жаштагы айдоочу кыз дале бошондукта жүрөт. Анын ордунда 60 жаштагы атасы СИЗОдо отурат". Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда маалымат жыйынында каза болгон кыздын апасы Райхан Карабаева билдирди.

“Окуя болгонуна 6 айдын жүзү болду, кызым өзүнүн туулган күнүндө, 8-июнда каза болду. Эч кандай жамандык күтпөстөн, менин 3 балам жана туугандарымдын 2 баласы болуп дүкөнгө балмуздак алганга кетишкен. Анан минтип ажал айтпастан келет болуп, кызымдан айрылып калдым. Бул окуя боюнча болгону эки кылмыш иши козголду, рулду башкарып бараткан Алмагүл Түлкүбековага карата 281-берене (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу), ал эми атасы Иличбек Түлкүбековго карата 284-берене (мас абалындагы адамга транспорт каражатын айдоого жол берүү) боюнча кылмыш иши козголгон. А бирок бул жерде каза болгон жаш өмүр эсепке алынган жок. Болгондо да кылмыш иши окуя болгондон кийин 10 күн өткөн соң гана козголгон. Ошол себептен улам биз ишти башка тергөөчүгө өткөрүүнү суранганбыз”,- дейт Р.Карабаева.

Жабырлануучунун айтымында, ишти караган сот да, экинчи тараптын жактоочусу да шектүүлөр шарттуу түрдө жоопко тартыларын айтышкан. 

"Өлкөбүздө жоопко тартылыш үчүн атайлап өлтүрүш керекпи же атайлабай сүзүп өлтүргөндөр эркиндикте жүрсө болот деген нерсе барбы?" деп каза тапкан кыздын энеси нааразычылыгын жашырган жок.

“Кызым ошол күнү эле ооруканадан каза тапкан, бирок буга тиешелүү органдар да, аны сүзгөн кыз да көңүл кош мамиле кылууда. Сот, тергөөчү, жактоочусу да "бул атайлап кылынган эмес, эч кандай далил жок" деп гана кутулууда. Ал окуянын күбөлөрү сотко чакырылган жок, рулду башкарган кыз ага чейин унааны 2-3 жолу эле айдаганын, анын атасы мас абалда жанында болгону айтылса да, эсепке алынбады. Кызымдын өлүмүнө себепкер болгондор ал жерге берилгенден кийин 2-3 күндөн кийин үйгө келген экен, бирок мен да, күйөөм да жок болчу. Алар туугандарыма ошол кызымды сүзгөн унааны алууну, ишти жабалы деп сунуштаптыр. Аны уккан туугандарым аларды кууп чыгышкан экен. Эми сот болгон сайын эле “биз кечирим сураганбыз” деп актанууда. Мага эч нерсенин кереги жок, болгону татыктуу жаза алышса дейм”,- дейт Р.Карабаева.   

Эске салсак, окуя 8-июнь күнү Ысык-Ата районуна караштуу Достук айылында болгон. Көчөдө ойноп отурган 5 баланы унаа келип сүзүп кеткен. Анын кесепетинен 6 жаштагы Милана каза таап, анын 3 жаштагы иниси оор жаракаттарды алып, боору айрылып кеткен, ал эми 3 бала ар түрдүү жаракаттарды алган.    

   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Christina
2014-11-25 14:51:51
Жашынакай кыздын тагдыры узулгонун кара...
+3
ainur78007
2014-11-25 14:53:41
Мизирейген кебетен менен сенин..алтымыштагы атасын абакка отургузуп, бироонун гулдой омурун кыйып,тынч уктап жатканын кор. Бунунда сурагы болот.
-2
asmat6
2014-11-25 15:31:17
ainur78007, Алтымыштан ашмактан ары 90 дон ашпайбы мыйзам баарына бирдей 60 болобу 70 болобу.Алтымыштан ашкан болсо неге ичип алып журот пайгамбар жашында кудай деп эле олтурбайбы бироонун алмончоктой наристесин жок кылып атат мындай окуяны эч кимдин башына салбасын Кудайым комент жазганда да кичине ойлонуп жазса адам деген
+2
cubich
2014-11-25 17:19:29
ainur78007, Кунт коюп окусанар. Бул жерде Милана апасына окшош экен. Апасы Райхан болуп жатпайбы. А сузгон кыздын суроту бул жерде жок.
+2
mr.juma
2014-11-25 14:58:32
окунучтуу кызынан ажыраганы аз сынып сузгон адамдын эркиндикте жургону
+4
sauleshka
2014-11-25 15:08:55
ХХХ myndai makoonu kor bolup ХХХ ХХХ kalsan eken jash kyzdardy suskoncho.
0
admin_superstan
2014-11-25 15:38:17
sauleshka, этика нормаларын сактаңыз!
0
nasi81
2014-11-25 15:15:53
Безирейген бетин менен жерге кир. Бироонун алпештеп чонойткон, алмончоктой балдарын ушул ахыбалга тушургон акмак. Атасынын акчасына копкон айбандан айырман жок экен сенин. Бечара эненин журогунун эзилгенин сездин бекен. Журогум эзилип кетти, наристелерди коруп.
+2
tagokg
2014-11-25 15:19:57
эки жакка караап, байкаап туруп жазсанар пикирлерди, "мизирейген", "безирейген" беттерин каяктан коруп атасынар??? бул жерде каза болгон кичинекей кыздын энесинин суроту турат гоо.
+4
Aisanat
2014-11-25 15:45:48
tagokg, ооба кыргызча жабырлануучу деп турат го. Эмне баары аны мисирейген деп алган дейм да.
+5
tynara1983
2014-11-25 15:48:28
Ээх кудай, айабай окунучтуу екен! Кудайым биздин соттордун напсисин тыйя кор.Айдай кыз екен.
+1
Deesmond
2014-11-25 16:05:33
Бизде сот эшектин да тyшоосyн чече албайт,
акча болсо болду,
Кобуроок акча берсен мен сyзгoм деп тyрмого отyрyп алышы мумкун.
+5
Ainura789
2014-11-25 16:17:53
Суротто жабырлануучу деп ачык жазылып турат го. Байкуш эне бул кызын жоготкон мисирейбей эле кайгыга батып турат. Жанагы сузгон кыз жазасын алсын сайрандап эркиндикте журбой. Акчага сатып алгандыр да тергоочулорду ошон учун камалбай атасын отургузуп койуп журот да.
+1
Гулжигит
2014-11-25 20:06:21
Кырсык каш кабактын ортосунда! Андан кудай озу сактасын! Бирок беш баланы кандайча сузду экен тушунуксуз! Атасынын ичкенине жинденип кетип атып сузуп алган го! Болоор иш болгондон кийин оздорунчо эле суйлошуп алганы он го, ортого милицияны кошпой, алар акча алгандан башка эч нерсе кылбайт!
0
Boldukan86
2014-11-25 23:39:08
адам омуру кетип жатса башка нерсеге конул тартабеле. чында жазасын алсын. козуно карап журсун акчасы коп козун май басып калганда... о
0
kg.sity93
2014-11-26 02:24:24
Сот качан адилеттуу иштейт?качан качан качан?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан