Орусиянын Иркутск облусундагы аэропортто жарым килограмм гашишти капсулаларга толтуруп, курсагында сактап жүргөн 21 жаштагы кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда аталган облустун Баңгизат көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
"Ал бул жерге биринчи жолу сентябрь айында жумушка орношуу максаты менен өз таанышына келген. Ага жакшы төлөнүүчү иш сунушталган. Ал Бишкекке кайра келип, баңгизат менен капсулаларды жутуп, Иркутскка алып келгенде, акчалай сыйлык берилиши керек болчу. Бирок бул жерде аны баңгизат көзөмөлдөө боюнча оперативниктер тосуп, кармап алышты",- деп билдирет басма сөз кызматы.
"Кыргызстандык жаранга каршы кылмыш иши козголгон. Учурда ал СИЗОдо отурат. Тергөө кызматы тарабынан кылмышка шектүүнүн мекенине анын мүнөздөмөсү тууралуу суроо-талап жөнөтүлгөн. Буга ылайык, соттук чечим чыгарылмакчы",- деп толуктайт мекеме.