Британиялык спортчу Льюис Хэмилтон “Формула-1” боюнча Дүйнө чемпиону аталды

Британиялык спортчу Льюис Хэмилтон автожарыштардын “Формула-1” сериясы боюнча акыркы этап болгон "Абу-Даби Гран-Присин" утуп алды. Акыркы жарышта “Мерседестеги” өнөктөшү Нико Росбергди артка калтырган Хэмилтон өз карьерасында экинчи ирет Дүйнө чемпиону аталды. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда чет элдик маалымат булактары кабарлады.

Кошумчалай кетсек, Л.Хэмилтон “Формула-1деги” карьерасын 2007-жылы “McLaren” командасында баштап, кийинки жылы эле Дүйнө чемпиону аталган. Акыркы эки жылдан бери ал “Мерседестин” намысын талашып келет.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан