Өлкөдө жакырчылыктан жана балдарына билим берүүгө эч кандай шарттары жоктугунан аз камсыз үй-бүлөлөр балдарын интернатка өткөрүүгө мажбур болууда. Бул тууралуу 25-ноябрда болуп өткөн маалымат жыйынында “Балдарды коргоо” коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова билдирди.
“Учурда аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарына мамлекет тарабынан күнүмдүк чыгымына 16 сом бөлүнсө, айына ал 500 сомду түзүүдө. Ал эми интернаттагы балдардын ар бирине ай сайын 11 миң сом бөлүнөт. Бирок анын 30 пайызы гана балдарга жумшалат. Калганы айлык акы, санитардык гигиенаны сактоого сарпталат. Албетте, аз камсыз үй-бүлөгө мамлекет бөлгөн 500 сом эч нерсеге жетпейт. Бул көйгөйдү чечүү үчүн интернаттагы балдардын санын көбөйтүп аларга миллиондорду бөлбөй, ошол акчаны жакыр, жалгыз бой айымдарга жумшасак, жетим балдардын саны азаймак”,- дейт Н.Турдубекова.
Анын айтымына караганда, айрым аз камсыз үй-бүлөлөр балдарын өздөрү тарбиялагысы келгенине карабастан, интернатка алып кеткен учурлар бар.
"Мен жалгыз бой энемин, эки балам бар. Учурда жашаганга жерибиз жок, жегенге тамагыбыз жок калдык. Чынын айтсам, суу ичип калдык. Өткөн жумада жашап жаткан батирибизден акча төлөй албагандыктан чыгарып салышты. Жумушка орношоюн десем, балдарымды караганга киши жок, бала бакчага орноштурайын десем, ал жакка албайт. Ал эми жөлөк пул алайын десем, жашаган жерде катталган эмессиң деп бербей жатышат. Мен эмне кылышым керек? Өзүм балдар үйүндө чоңойгом, эч кимим жок",- дейт балдар үйүнүн тарбиялануучусу Мадина Касымова.
Ал эми 5 баланын жалгыз бой энеси Ыкыбал Галбаева: "Менин 5 балам бар, жолдошум каза болуп калды, улуу балам 8-класста окуйт, кичүүсү эми 9 айга толду. 2 миң сом өлчөмүндөгү жөлөк пул алам, батирге 3 миң сом төлөйм",- дейт. Ал айыл өкмөтүнө көмүр сурап кайрылганын, бирок жардам ала албаганына нааразы болгонун айтты.
Аз камсыз жана жалгыз бой энелердин мамлекетке болгон сунушу: КРнын Өкмөтү менен парламенти 2015-2017-жылдарга карата социалдык коргоо долбоорунун жана 2015-жылга карата республикалык бюджетин кароодо төмөндөгү сунуштарды эске алуусун өтүнөбүз:
- 2015-жылдын 1-январынан тарта минималдуу киреше кепилдигин 815 сомго чейин көтөрүү. Ал эми аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарына жөлөк пулду 650 сомдон бөлүү. Жалпысынан республикалык бюджеттен 2 миллиард 882 миллион 900 миң сом бөлүнсүн;
- Интернаттарга бөлүнгөн каражатты коррупцияга айландырбоо үчүн көбөйтпөө керек.