Биз социалдык тармакта

Ремень аттуу "мыйзамдагы ууру" делген Грузиянын жаранына Кыргызстандын паспорту мыйзамсыз берилгени аныкталды

Криминалдык статуска ээ болгон чет өлкөлүк жаранга КРнын паспорту мыйзамсыз берилгени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда аталган министрликтин басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, 2012-жылдын жазында Ош шаары боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты каттоо департаментинин тез документ жасоо бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери кызматтык абалынан пайдаланып, расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизишкен. Мыйзамсыз иш-аракеттердин жыйынтыгында Грузиянын жараны, "мыйзамдагы ууру" криминалдык статуска ээ Роман Барбакадзеге (каймана аты - Ремень) Р.Алхозовдун атына жалпы жарандык паспорт берилген. 
Кызматтык абалынан пайдалануу жана паспортту мыйзамсыз берүү фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Saribulak
2014-11-26 10:29:20
Ууруда
0
samidinova84
2014-11-26 10:51:46
Кыргызстандагы колунан иш келгендер,паспорт тургай акчага апасынын журогун да сууруп берет керек болсо.
0
Biinura
2014-11-26 13:18:06
Неудивительно))).
0
OSHLYAM
2014-11-26 17:20:04
ал жактагы паспортчулар аны кылмак!
-1
admin_superstan
2014-11-27 10:27:13
Looks, ар бир колдонуучу өз оюн эрежеден чыкпай жазууга укугу бар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан