Октябрь айынын башында "Кербен" кичи базарында болгон адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 26-ноябрда билдирди.
Маалыматтарга караганда, каза тапкан жаран Ош облусунун 41 жаштагы И.Бактияр аттуу тургуну экендиги аныкталган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 1967-жылы туулган С.Артыкбек кармалган. Анын айтымында, окуя болгон күнү маркум мас абалында ага тийишкен. Мындан улам ал бычак менен сайып салган.
Айта кетсек, 2-октябрь күнү "Кербен" базарынын аймагынан белгисиз адамдын жансыз денеси табылган. Жансыз денеде бычактан алган 25 жараат бар экени белгилүү болгон.