“Сулайман-Тоо-Ак-Буура” муниципалдык ишканасынын жетекчилигинин бюджеттик каражаттарды ээлеп алуусу боюнча факт аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы бүгүн, 26-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, аталган ишкананын жетекчилиги Ош шаарынын улуттук-маданий борборуна, гүлзар, сейил бактын аймагына караштуу жер тилкелерин ижарага берген. Ошону менен бирге 2014-жылдын май айынан бери ишкананын жетекчилиги ижарадан түшкөн акча каражаттарын ээлеп алган. Аудитордук текшерүүлөрдүн жүрүшүндө жергиликтүү бюджетке 1 миллион 116 миң сом зыян келтирилгени аныкталган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.