Лионель Месси Чемпиондор Лигасынын тарыхындагы мыкты бомбардир катары жаңы рекорд койду

“Барселонанын” чабуулчусу Лионель Месси кечээ, 25-ноябрь түнү УЕФАнын Чемпиондор Лигасында АПОЭЛдин дарбазасына 3 гол киргизип, аталган лигада эң көп гол киргизген футболчу катары жаңы рекорд койду (74 гол). Рекорд буга чейин “Реалдын” мурунку чабуулчусу Раулга таандык эле (71 гол). Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.

Маалыматка ылайык, аргентиналык футболчу Л.Месси үчүн 74 гол киргизүүгө 90 гана оюн керектелсе, Рауль Гонсалес 71 голду 142 оюнда киргизген. Криштиану Роналдунун эсебинде 70 гол бар.

УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын тарыхындагы мыкты бомбардирлер:

74 гол - Лионель Месси (“Барселона”)

71 гол - Рауль Гонсалес (“Реал”, “Шальке”)

70 гол - Криштиану Роналду (“Манчестер Юнайтед”, “Реал”)

56 гол - Руд ван Нистелрой (ПСВ, “Манчестер Юнайтед”, “Реал”)

50 гол - Тьерри Анри (“Монако”, “Арсенал”, “Барселона”)

48 гол - Андрей Шевченко (“Динамо” Киев, “Милан”, “Челси”)

46 гол - Филиппо Индзаги («Ювентус», «Милан»)

44 гол - Дидье Дрогба (“Марсель”, “Галатасарай”, “Челси”)

42 гол - Алессандро Дель Пьеро (“Ювентус”)

42 гол – Златан Ибрагимович (“Аякс”, “Ювентус”, “Интер”, “Барселона”, “Милан”, ПСЖ)  

41 гол - Карим Бензема (“Лион”, “Реал”)

Чемпиондор Лигасы: АПОЭЛ - Барселона - 0:4
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
nurik0080
2014-11-26 10:16:34
Месси рулит
+3
AzaNiga
2014-11-26 10:28:55
Месси бул месси
+2
F.C.Batken.
2014-11-26 10:31:53
Эмне демекчимин.Кезектеги рекордуң менен великий Лео!
Мессинин рекорд коюшу жаңылык деле болбой калды го.
+1
F.C.Batken.
2014-11-26 10:37:05
Тем более эң престиждүү делген турнир де 142 оюнга каршы 90 оюн.71 голго каршы 74 гол.Неткен көрсөткүч аа.
0
rus.97kg
2014-11-26 11:06:01
Роналду
эн мыкты бугун алда рекорд койот отвечаю
0
Patrik
2014-11-26 11:06:42
Буйруса Месси алтын топту алат.
+1
goodman02
2015-04-08 15:59:17
хет-трик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан