Базар-Коргондогу №52-кесиптик лицейдин кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 26-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, аталган лицейдин директору О.Б. жана лицейдин башка кызматкерлери 2013-жылдын 4-апрелиндеги буйрутманын негизинде лицейдин 43 кызматкерине материалдык жардам катары 107 миң сом бөлүнгөн. Бирок кызматкерлердин жасалма кол тамгалары аркылуу бөлүнгөн акча каражаты аталган директор жана анын жанындагылардын чөнтөгүнө түшкөн. Учурда “ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу”, “кызматтык жасалмачылык”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.