Борбордогу Ак-Босого конушунда 16-ноябрда болгон адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 26-ноябрда билдирди.
Маалым болгондой, 16-ноябрь күнү саат 08:00 чамасында Ак-Босогодогу Манас жана Ынтымак-2 көчөлөрүнүн кесилишинен жансыз адамдын денеси табылган. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында маркумдун денесинен жана башынын кара куш жагынан жаракаттар табылган. Окуя болгон жерден каза тапкандын кара сумкасы жана анын ичинен ага таандык паспорт табылган. Анын негизинде маркум 1971-жылы туулган К.Эрнис аттуу жаран экени аныкталган.
Бул иш боюнча 97-берене (киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары ошол конушта жашаган маркумдун 1980-жылы туулган А.Чолпонбек аттуу тууганы кармалган. Анын айтымында, окуя болгон күнү маркум мас абалда болгон. Экөөнүн ортосунда пикир келишпестик чыгып, мындан улам ал маркумду өлтүргөнүн айткан. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.