Кыргызстан боюнча акыркы сутка ичинде 26, Бишкекте 3 жол кырсыгы катталып, алардын кесепетинен 5 адам каза болду жана 39 жаран ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышты. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда ИИМдин Жол-кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Тилек Оторов билдирди.
Маалым болгондой, Чүй облусунун аймагында 5 жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болуп, 13 адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алган. Бишкек шаарында болгон 3 жол кырсыгынан 3 адам жаракат алды.
Ошондой эле 25-ноябрда саат 16:00 чамасында Маевка айылынын тургуну, 48 жаштагы Абдыманат аттуу жарандын башкаруусундагы Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаа Бишкек-Торугарт жолунун 45-чакырымынан Чүй айылынын жашоочусу, 60 жаштагы Табылды аттуу жарандын башкаруусундагы Мерседес-Бенц 500 унаасы менен сүзүшкөн. Анын кесепетинен Хонда унаасынын жүргүнчүсү, 55-60 жаштардагы европа улутундагы эркек адам окуя болгон жерден көз жумуп, 4 жүргүнчү жаракат алган. Ал эми Мерседестин айдоочусу жана эки жүргүнчүсү ар кандай деңгээлдеги жаракаттар менен ооруканага жеткирилген.
Саат 23:00 чамасында 25 жаштагы Дилшат аттуу жарандын башкаруусундагы Тойота-Эстима унаасы Бишкек-Торугарт унаа жолунун 12-чакырымынан башкаруусун жоготуп, аңтарылып кеткен. Кырсыктан жаракат алган айдоочу ооруканага жеткирилди, анын 24 жаштагы Азиза аттуу жүргүнчүсү оор жаракаттардан улам окуя болгон жерде каза тапкан.