Бишкек шаардык мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан бюджет мыйзамынын талаптарынын сакталышы боюнча Бишкек шаардык мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы текшерилген. Анын негизинде башкармалыктын ишмердүүлүгүндө бир катар мыйзам бузуулар болгону аныкталган. Алсак, 2012-жылдын 21-ноябрында аталган башкармалыктын жетекчиси Р.С. менен “Г.Т.” ишканасынын ортосунда келишим түзүлгөн. Анда Рухий-Мурас жаңы конушундагы эки көчөгө 120 календардык күндүн ичинде суу түтүктөрүн орнотуу макулдашылган. Бул үчүн тиешелүү акча каражаттары ишканага которулган. Бирок иш толук аткарылган эмес. Мындан улам 115 миң сомдун дайыны чыкпай калган. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.