Бүгүн Чемпиондор Лигасында “Ювентус” менен “Ливерпулдун” тайпадан чыгар-чыкпасы анык болот

Бүгүн, 26-ноябрда УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын 5-тур оюндарынын алкагында 4 тайпада экиден оюн болот. Анда лондондук “Арсенал” менен дортмунддук “Боруссиянын” беттеши күндүн башкы беттеши катары бааланууда. Ошондой эле бүгүн англиялык “Ливерпулдун” тайпадан чыгар-чыкпасы анык болот. Анткени бул клубдун тайпадан чыгуусу үчүн өзүнүн жеңишинен тышкары “Базелдин” мадриддик “Реалга” жеңилүүсү шарт. Ушундай эле кызыктуу беттештер “А” тайпасында да орун алат. Анда “Атлетико”, “Олимпиакос” жана “Ювентустун” ортосунда тайпадан чыгуу үчүн күрөштөр кызуу жүрүп жаткан маал.

“А” тайпасы

“Атлетико” (Испания) – “Олимпиакос” (Греция)

“Мальмё” (Швеция) – “Ювентус” (Италия)

“В” тайпасы

“Лудогорец” (Болгария) – “Ливерпуль” (Англия)

“Базель” (Швейцария) – “Реал” (Испания)

“С” тайпасы

“Зенит” (Орусия) – “Бенфика” (Португалия)

“Байер” (Германия) – “Монако” (Франция)

 “D” тайпасы

“Андерлехт” (Бельгия) – “Галатасарай” (Түркия)

“Арсенал” (Англия) – “Боруссия” (Д, Германия)

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан