"Курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн кулап каза тапкан Мамбетакун уулу Жаныш компаниянын кызматкери болгон эмес" дейт ишкананын өкүлү

Көп кабаттуу үйдөн кулап кетип каза тапкан 16 жаштагы Мамбетакун уулу Жаныш компанияда иштеген эмес. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда SUPER.KG порталына "ЭкспоСтрой" курулуш компаниясынын басма сөз кызматынан билдиришти.  

"Каргашалуу окуя болгон күнү маркумду курулуш объектисине бизде мастер болуп эмгектенген жездеси Жээнбек Тобокелов ээрчитип келген. Биздин ишкана салып жаткан көп кабаттуу үйлөрдөн батирлерди сатып алган кардарлар курулуш иштеринин жүрүшүн көзөмөлдөөгө укуктуу. Ошол себептен улам курулуш объектилери ачык аянтча болуп саналат, ага күнүгө кишилер келип-кетип турушат. Күнүгө эртең менен саат 07:00дөн 08:00гө чейин курулуш объектилерин ишкананын директорунун милдетин аткаруучу текшерүү иштерин жүргүзөт. Ал эми 24-ноябрь күнү эртең мененки текшерүүдө объектиде чоочун адамдар болгон эмес”,- деп билдиришти “ЭкспоСтрой” курулуш компаниясынан. 

Ал эми айрым маалыматтар боюнча, каза тапкан бала ал жакта иштегенин жана ал күнү араба менен кыш ташып келатып тең салмактуулукту кармай албай учуп кеткени айтылып жатканы боюнча компаниядан төмөнкүдөй жооп алдык:

"Учурда массалык маалымат каражаттары ар түрдүү версияларды айтып, каза болгон баланын курулушта иштегенин белгилешүүдө. Бирок ал нерсе чындыкка дал келбейт. Ал баланын бизде иштегени тууралуу бизде эч кандай документтер, келишимдер да жок. Албетте, аябай жаман окуя болду, анын кесепетинен жаш жигит каза тапты. Мен, биринчиден, маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам, ал бүгүн Ак-Талаада жерге берилди. Ал эми маркум куруучунун кийимдерин кийип жүргөн дегенге эч кандай так жооп бере албайбыз. Балким, ал курулуш объектисине келгенде жездесинин кийимдерин кийип алган болушу мүмкүн. Учурда курулуштун иш жүргүзүүчүсү жумуштан кетирилди"

Маалым болгондой, учурда бул иш боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 142-беренесинин 2-бөлүмүндө (оор кесепеттерге алып келген эмгекти коргоо эрежелеринин бузулушу) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Dadin2
2014-11-26 13:20:52
Ал балага окшогон дагы канча бала келишимсиз иштеп журду экен.Бир конул буруп ар бир курулушту текшерип чыксанар жакшы болот эле.Трудовая инспекция,строительный надзор,прокуратура жакшылап иштесе болот эле.
+5
kykenbai
2014-11-26 13:34:30
Dadin2,
Alar ishteshet. Ayabai jakshy ishteshet. Akchany chontoko salgandan kiyin ele ishteshpei kalyshat da.
0
Dadin2
2014-11-26 13:39:40
kykenbai, туура айтасын прокуратуранын озундо коррупция гулдоп жатса кайдан текшерип иштешмек эле.Сол чонтоко жакшы иштеп жатышат да,дагы деле курулуш фирманын Ген.директору прокуратурага жашылынан 10000$ ыргытса ишти жаап коюшатда.
+2
mirbakg
2014-11-26 13:28:05
Рабаятка чыгып суйлогондой эле болуптурго ! Кантип эле жон эле сырттан келген бала форма кийип иштеп калсын ачыгын эле айтта бизде документи жок иштейт эле Ошого Акча толоп бербейм деп эле калп эле бир шылтоолорду айтып чыкпай
+6
kykenbai
2014-11-26 13:32:37
Ушуга ким ишенсин эми. Мен эч бир курулушта курулушчулардын келишим мн иштегенин жолуктурбадым. Келишим мындай турсун, коопсуздук эрежелерин дагы тушундурушпойт. Каскасы жок иштегендер да толтура. ЭкспоСтрой жалган айтып жатса крк. Ким билсин. Жоопкерчиликтен качып жатышат да эми. Тырышпай байкуш жигиттин уй-булосуно акчалай кунун толоп бериштери крк. Уй-булосуно конул айтаар элем.
+5
Begimkyz
2014-11-26 14:45:58
Ал жомокту барып өзүңдүн балаңа айт!!! Жаш жигиттин өмүрү үзүлдү, жакындарына сабыр берсин!
+2
asmat6
2014-11-27 09:07:16
Ал жерде иштеп жургон учун каза болуп атпайбы ал жерге жарамазан айтып барып калган жок да актаныштын да чеги болот да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан