Ошто 15 жашар кызды сойкулукка тартканы үчүн 40 жаштагы аял кармалды

Ошто 15 жашар өспүрүм кызды сойкулукка тартканы үчүн Ош шаарынын 1974-жылы туулган Кундуз аттуу тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда Ош ШИИБинин басма сөз кызматынын өкүлү Замир Сыдыков билдирди.

Маалыматка караганда, Ноокен районунун 1999-жылы туулган Жоогазын аттуу тургуну ата-энеси менен урушуп, Ош шаарына кетип калган. Ал жактан мурда 4 жолу соттолгон Кундузга жолуккан. Ал 15 жаштагы кызды сойкулук менен алектенүүгө көндүрүп, түшкөн акчанын жарымын берерин айткан. Бирок бир ай сойкулук менен алектенген соң, аталган аял акчасын берген эмес. “Ата-энеңе, бир туугандарыңа уят кылам, дагы иштейсиң” деп кыйнап сабаган. Кийин кыздын боюнда болуп, ал кыз төрөгөн. Учурда ымыркайдын атасы ким экени билгисиз. Ал эми кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Feijipiao
2014-11-26 14:14:51
Бети жок аял экен.Кыздын дагы мээси жок экен.Ушул кантип болсун.Арам жолдон акча тапкан акмактар экен!!!
+4
Dadin2
2014-11-26 14:26:24
Ошончо убакыттан бери 15 жашар кызынан кабар албаган ата-энесине наалат.
+11
kandaisyn
2014-11-26 14:27:18
айбандар! кызго жаштык кылыптыр, откоол мезгилде экен эле ана катын айнып калган го.... зоокур эркектер жаш кызды кантип ошол жолго алып барды экен.?
+5
abakan_19
2014-11-26 15:01:17
акчасын алып уй камагына чыгарып койот
+3
Biinura
2014-11-26 15:02:52
Батыраак уй камагына чыгаргыла.
+3
asmat6
2014-11-26 17:06:59
Biinura, даааа чыксын чыксын уй камагына
+1
barpy1
2014-11-26 15:15:54
Ата-энеде куноо, жакшы тарбия берсе кыз жаман жолго басмак беле, кыз 1 айдан ашуун сойкулук менен алектенип иштеди деп айтылып жатат, андан кийин уже тороптур дагы, демек кыз сойкулукка 14 жашынан тартылганбы эмне, 15 жашында тороп отурса, ушунун баары келип тарбияга такалат, жакшы уйдун кызы Кыргызстанда да, Россияда да, Туркия, Корея, Аравия, керек болсо Айга барса да ата-энесин уят кылбай намыстуу болот!!!
+1
Apsi
2014-11-26 17:07:26
barpy1, балам балалуу болгондо тушуносун деген жакшы кеп!отуруп алып ле куноону тигиге буга илесин да
0
tolkun85
2014-11-26 15:18:57
ал аялды уй камагына чыгарбастан соттоп камашсын!!!
+2
asmat6
2014-11-26 17:09:24
ошол 15 жашар кызды алдагыча апанды эненди кызынды сатпайсынбы бети жок зоокур
+1
kama_future_millioner
2014-11-26 17:50:48
Мына сага
0
Aipri
2014-11-26 17:59:16
Уят. Ушундай кантип болсун. Кыргыздар бири-бирибизге мындай мамиле кылганыбыз туура эмес гоо.
0
AMAH-2
2014-11-26 18:16:32
Заман бизди кай жакка жетелеп бара жатканы дайынсыз.Кимдин кызы,кимдин чүрпөсү деп уруп ойнобой,эптеп эле өз кызыкчылыгын ойлоп ушинтип акча тапкандар азыр ушунчалык көбөйду дейсиң...
0
gulperi92
2014-11-26 23:57:26
15 жашар кыз торогону окунучтууго и баланын атасы аныктала элек экен.Бул эмне деген шумдук.Наристесине эле кыйын болдуго.
0
jashku4
2014-11-27 12:09:28
ар кимге сын тагып бир жолу адамдык сапатынан четтетүү керек эмес. ар бирибиздин катакчылыктарыбыз озубузго жетиштүү. комментарий жазууну озунордун журум турумунарга сындап жазуудан баштагыла!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан