"Ошто 33 жаштагы айымды алдап, Түркияга сексуалдык кулчулукка саткан" деп шектелген аял үй камагына чыгарылды

"Ошто 33 жаштагы айымды алдап, Түркияга сексуалдык кулчулукка саткан" деп шектелген аял үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Ош шаардык соту 24-ноябрь күнү чыгарган. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда Ош ШИИБинин басма сөз кызматынын өкүлү Замир Сыдыков билдирди.

Маалыматка караганда, укук коргоо органдарына 22-ноябрь күнү Кара-Суу районунун 33 жаштагы Гүлнара аттуу тургуну кайрылган. Ал Айнура деп өзүн тааныштырган аял жабырлануучунун оор социалдык абалынан пайдаланып, Түркиядан жумуш таап берүүнү убадалаганын айткан. Официантка же улгайган адамдарга кам көрүүчүнүн ишин таап берем деп Түркиянын жаранына 5 миң долларга сатып жиберген.

Жабырлануучу ал жакта 3 ай ичинде сексуалдык кулчулукта жашап, ал жерден качып чыгып, Кыргызстанга келген. Кылмышка шектүү катары Ош шаарынын 41 жаштагы тургуну Айнура Мамытова кармалган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Tagdyr
2014-11-26 14:40:25
Эмнеге чыгарып жиберишти? Же соттордун оозун жаап, чонтогуно пул салдыбы? Кылмышкерди актап, жаап жашыргандын озу кылмышкер. Соттор акчага сатылып калган. Акыйкаттык жок.
+3
Nurmuhammad
2014-11-26 14:56:04
Турмодо тоок уурдап камалгандар бар!
А булар адам уурдап сатып жиберсада эркиндикте журот!
Эмне учун камалбайт деген чооон суроо туулат да???????????
+5
Biinura
2014-11-26 15:01:26
Акыйкаттык жок экен да.
+2
myshka406
2014-11-26 15:16:13
озун же анын жакныдарын сатыш керек,ошондо билет!
+5
Dadin2
2014-11-26 15:50:52
Чет олкого кыздарды проституцияга сатуу бул чон бизнес.Эми ал бизнести кандай адам козомолдойт тушунуп эле турсанар керек.Бул катын камалган куну бардыгы ачыка чыкмакда кимдин бизнеси,ким крышевать этет бардык жол схемаларынан бери.Ошон учун "лям" дебей чыгарып жиберишти.
+7
asmat6
2014-11-26 17:05:18
Кыргызстана акыйкаттык жок чындык жок баары чиелешкен коррупция тукурдум сенин иштебеген мыйзамына
+1
Kars
2014-11-26 19:48:15
Кыргызстанда закон кедей кембагалдарга гана чыгарылат. А.Атамбаев
+1
Aksy-13
2014-11-26 20:22:46
Шумдугун куур , эмнеге чыгарат аны. Эми берки аялдын шору куруйтго. Неге мени айттын деп тез эле аны жалганчыга чыгарууга аргасыз кылат
+1
bekos2012
2014-11-27 08:27:48
Aksy-13, Туптуура, баягы эле жабырлануучунун шору да дагы, озу колунда жок бир байкуш болсо, дагы корбогон кунду корсотот эми
0
Batken
2014-12-01 01:21:52
Аксакалдар соту деген иштебейби азыр? Ташбаранга алыш керек да, крышасы барларды
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан