9-февралда Бишкектеги “Стрельниково” лыжа базасында шаардык тургундар үчүн “Баары лыжага” аттуу спорттук иш-чара өткөрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Иш-чаранын максаты - шаар тургундарын кышкы спорт түрлөрүнө кызыктыруу, аларды үгүттөө болуп саналат. Ага Бишкек шаарындагы балдар үйлөрүнөн, реабилитация борборлорунан жана катышууну каалаган шаар тургундарынан куралган жаш балдардын командалары катышмакчы. Көптөгөн оюн-зоок уюштурулуп, соңунда жеңүүчүлөргө жана катышуучуларга Бишкек шаардык Дене тарбия жана спорт комитети тарабынан атайын сыйлыктар тапшырылат.