Бишкектеги мыйзамсыз курулуш боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы бүгүн, 26-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, 2009-жылы Бишкек шаардык мэриясы тарабынан 0,122 гектар жер тилкеси 7 кабаттуу үй куруу үчүн “П-Х Лтд” ишканасына берилген. Бирок ал жерге 7 кабаттуу эмес, 10 кабаттуу турак үй салынган. Буга Бишкек шаарынын Башкы архитектурасынын жана Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын кызматкерлери тарабынан тиешелүү чаралар көрүлгөн эмес. Учурда “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.