Ош - Сары-Таш - Эркеч-Там унаа жолунда бир адам каза болду

Ош - Сары-Таш - Эркеч-Там унаа жолунда бир адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда КРнын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 23-ноябрда саат 21:45 чамасында Кара-Суу районунун Шарк айылынын 1952-жылы туулган Т.А. аттуу тургуну Ош облусунун Алай районундагы Талдык ашуусунда бузулуп, токтоп калган автоунаасын карап жүрүп белгисиз себептер менен автоунаасынан 20 метр алыстыкта каза болон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Алай райондук бөлүмүнүн башчысы А.Исакуловдун берген маалыматы боюнча, каза болгон жарандын туугандары эч жакка кайрылбай, анын денесин алып кетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
asmat6
2014-11-27 08:41:06
Жаткан жери жайлуу болсун
0
Lintel
2014-11-27 11:44:40
кун суук талдык ашуусунда суука чыдабай олуп калса керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан