Кыргыз улуттук университетинин окутуучусуна пара алганы үчүн кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 26-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, окутуучу өткөн жылдын жай айында абитуриентти шаардагы жогорку окуу жайлардын бирине өткөрүү үчүн 4500 доллар сураган. Абитуриент мугалим талап кылган сумманы берген. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Окутуучу кармалган.