Бүгүн, 26-ноябрда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда кыргыз классикалык күрөшү боюнча өлкө биринчилиги старт алды. 27-ноябрь күнү жыйынтыктала турган мелдешке Ош, Чүй, Баткен, Талас, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл облустарынын жана Бишкек, Ош шаарларынын спортчулары катышууда. Мелдештин башкы максаты аталган спорт түрүн жайылтууга багытталарын кошумчалашты уюштуруучулар.