Бишкекте уурулукка шектелип 48 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 27-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 24 жаштагы Н.Кубаныч аттуу шаар тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз адам “Фрунзе” соода борборунан товарларды уурдап кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 48 жаштагы И.Малдыбек кармалган. Учурда келтирилген чыгым аныкталууда.