Тажикстандан Кыргызстандын аймагына аткезчилик менен 5 тонна мандарин ташып келе жаткандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда өкмөт алдындагы Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, аткезчилер Кыргызстандын аймагына дээрлик 407 миң сомго бааланган салмагы 5100 килограмм мандарин ташып келе жатышкан. Бул факты боюнча "аткезчилик" беренеси менен кылмыш иши козголду. Автоунаа жана жүк Баткен облусунун бажы терминалына жөнөтүлдү.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.