26-ноябрь түнү УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын 5-тур оюндарынын алкагында 4 тайпада экиден оюн болду. 1 күн мурунку жыйынтыктарга карап, футбол сүйүүчүлөрү бул күндөн көп жыйынтык күтүшкөн. Мисалы, Лионель Месси 3 гол киргизип рекорд койгон соң, Криштиану Роналду да гол киргизүүдө аянбасы болжонгон. Бирок ал 1 гана гол менен чектелди. Бул тайпада “Ливерпуль” конокто 2:2 эсебинде тең ойноп, тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүн акыркы турда дагы бир ирет сынамакчы. “А” тайпасында “Атлетико” атаандашын ири эсепте утуп, тайпадан биринчи болуп чыгууга чоң мүмкүнчүлүк алды.
“А” тайпасы
“Атлетико” (Испания) – “Олимпиакос” (Греция) – 4:0
Голдор: Рауль Гарсия (9-мүнөттө), Манджукич (38, 62, 65-мүнөттөрдө).
“Мальмё” (Швеция) – “Ювентус” (Италия) – 0:2
Голдор: Льоренте (49-мүнөттө), Тевес (88-мүнөттө).
“В” тайпасы
“Лудогорец” (Болгария) – “Ливерпуль” (Англия) – 2:2
Голдор: Абало (3-мүнөттө), Ламберт (8), Хендерсон (37), Терзиев (88).
“Базель” (Швейцария) – “Реал” (Испания) – 0:1
Гол: Криштиану Роналду (35-мүнөттө)
“С” тайпасы
“Зенит” (Орусия) – “Бенфика” (Португалия) – 1:0
Гол: Данни (79-мүнөттө).
“Байер” (Германия) – “Монако” (Франция) – 0:1
Гол: Окампос (72-мүнөттө).
“D” тайпасы
“Андерлехт” (Бельгия) – “Галатасарай” (Түркия) – 2:0
Голдор: Мбемба (44-мүнөттө, 86-мүнөттө)
“Арсенал” (Англия) – “Боруссия” (Д, Германия) – 2:0
Голдор: Саного (2-мүнөттө), Санчес (57-мүнөттө).