Ысык-Көл облусунда жол кырсыгы катталып, 26 жаштагы жүргүнчү каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда ИИМдин Жол-кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы кечээ, 26-ноябрь күнү Түп-Кеген унаа жолунда болгон. Анда 64 жаштагы айдоочу рулду башкара албай жол белгисин сүзүп алган. Анын кесепетинен 26 жаштагы жүргүнчү каза тапкан. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.