Бүгүн, 27-ноябрда жакында Таиланддын Пхукет шаарында аяктаган кумда ойнолуучу Азия оюндарынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйыны орун алып жатат. Анда сөз алган Улуттук Олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов бул көрсөткүчтү жогору баалады. "Ар эки жылда бир уюшулуучу оюндарда биз буга чейин байгелүү орундарды дээрлик ээлеген эмеспиз. Бул жолу 4 спорт түрү боюнча аз сандагы спортчуларды жибергенибизге карабай 6 медаль алдык. Балким, машыктыруучулар федерациялар менен жакшы байланышып, эрежелер менен кенен таанышып чыгышса, мындан жакшы жыйынтыктарга жетишмекпиз",- деди ал. Ал эми Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Кадырбек Эргешов кумда ойнолуучу спорт түрүн Кыргызстанда өнүктүрүү керек экенин айтты. Бизде бул үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар экенин, Ысык-Көл жээгинде машыгууларды өткөрсөк болорун белгиледи ал.
Кошумчалай кетсек, кумда ойнолуучу Азия оюндары 14-23-ноябрь аралыгында өтүп, ага 38 мамлекеттин спортчулары 26 спорт түрү боюнча катышышты. Кыргызстандын курамында Артур Те (самбодон, 68 килограмм салмакта), Бекболсун Кушубаков (күрөш, 80 килограммдан жогорку салмакта), Мирбек Сарткалмаков (тай бокс, 60 килограмм салмакта) күмүш медалдарды алып келишсе, колону Валерия Уварова (айкалышкан 5 спорт түрү), Бекжан Матысоев (тай бокс, 67 килограмм салмакта) жана Мирбек Качкынбаев (тай бокс, 71 килограмм салмакта) багындырышкан.