Бишкектеги турак үйлөрдүн биринен 37 даана ок атуучу курал табылды

Бишкек шаарындагы турак үйлөрдүн биринен 37 даана ок атуучу курал табылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, кечээ жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө милиция кызматкерлерине борбордогу үйлөрдүн биринде мыйзамсыз кармалган ок атуучу куралдар бар экендиги тууралуу маалымат түшкөн. Аталган дарекке барган Октябрь РИИБинин милиция кызматкерлери М.М. аттуу жарандын жашап жаткан батиринен 37 даана ок атуучу курал табышкан.

Сурак учурунда көрсөтмө берген М.М.Х. аталган үйдө үй-бүлөсү менен 1965-жылдын ноябрь айынан бери жашай турганын жана 1992-жылдан бери жашаган үйүндө аңчылык жана пневматикалык куралдарды оңдоо иштери менен алектенгендигин айткан. Ал эми үйүнөн чыккан куралдар оңдоо үчүн кардарлар тарабынан калтырылганын кошумчалаган. Бул иш боюнча Октябрь РИИБи алынган куралдарга соттук-баллистикалык экспертиза дайындап, учурда бул боюнча тергөө амалдары жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан