АКШнын Оклахома штатындагы Тулса шаарында 3 жаштагы бала өз энесин атып алды. Баланын апасы, 26 жаштагы Криста Инглес кичинекей кызынын жалаягын алмаштырып жатканда бала дивандын астынан курал таап алган. Октолгон курал менен ал апасын атып салган. Бул тууралуу 26-ноябрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маркумдун жансыз денесин неберелерин көрүү үчүн коноктоп келген чоң энеси таап, "Тез жардамды" чакырган. Ал келгенде балдар канга боёлуп калганын айткан. Келген дарыгерлер жардам көрсөтө алышкан эмес. Криста Инглестин жолдошу бул учурда жумушта болгон. Жергиликтүү полиция кызматкерлери бул окуя иликтенген кылмыштардын ичинен эң оор экенин белгилешкен.